Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баткен облусуБаткен району 13.01.2020 15:28 На русском

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы чырда кармалган 4 адамдын үстүнөн иликтөө жүрүп жатат

Turmush -  Айрым ЖМКда тарап жаткан «милиция Көк-Таш айылында 6 жаранды кармап кетти» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 11-январь күнү Баткен районунун Көк-Таш айылынын 4 тургуну милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Ага чейин 2019-жылдын 18-декабрь күнү саат 09:20 чамасында Көк-Таштын тургундары айылдын борборундагы мечиттин жанына чогулушкан. Ошол эле учурда жогорудагы нааразычылыктарын билдирип чыккан Көк-Таш айылынын жашоочулары жолдон өтүп бара жаткан Тажикстандын Исфара районундагы Майский айылынын тургундары менен өз ара пикир келишпей, чыр-чатак чыккан. Эки тараптан таш ыргытылып, уруша кетишкен. Анын кесепетинен Көк-Таштын тургунунун «Хонда Стрим» унаасынын арткы айнегине таш тийип, ошол эле айылдын 2 тургунунун үйлөрүнүн чатырларына таштар тийип сынган. Мындан сырткары көк-таштык 1 тургундун башына таш тийип жаракат алган. Бул жагдай Баткен РИИБде Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүгү менен катталып (массалык баш аламандыктар), сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Мындан сырткары 2020-жылдын 11-январь күнү Көк-Таш айылынын тургундары Көк-Таш айылынын Дахма аймагынан М.Назаров көчөсүндө жолдон өтүп бара жаткан Тажикстандын жаранынын «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаасын таштар менен уруп, эки капталындагы терезелерин талкалап салышкан. Бул жагдай Баткен РИИБде ээнбаштык деп катталып, текшерүү иштери башталган. Жогорудагы окуяларга катыштыгы же аларды уюштурганга тиешеси бар Көк-Таш айылынын 4 жашоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Баткендин 3 тургунун кармап кетишкен: Баткен—Исфана унаа жолунун жабылышынын чоо-жайы такталды. Сүрөт

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×