Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баткен облусуБаткен району 13.01.2020 13:42

Баткендин Көк-Таш айылында абал тынчып, бүгүн мектепте окуу башталды. Видео

Turmush -  Бүгүн, 13-январда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Ш.Ганы атындагы орто мектебинде окуу өз нугунда башталды. Бул тууралуу мектептин директору Канатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, мектепте жалпы 204 окуучу билим алат. Бүгүн алардын 80% сабакка келди.

Буга чейин 10-январда түн ортосунда чек арадагы кыргыз-тажик чырына байланыштуу Көк-Таш айылындагы жаш балдар жана аялдар коопсуз жай деп мектепке көчүрүлгөн. Чек арадагы абал турукташып, кечээ, 12-январь күнү алар өз үйлөрүнө кайтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×