Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Баткен облусуБаткен району 11.01.2020 18:12 На русском

Көк-Таш айылынын тургундары Баткен—Исфана унаа жолун жаап салышты

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Баткен районундагы Баткен—Исфана унаа жолу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Көк-Таш айылынын тургуну Жоробай Байзаков кабарлады.

Маалыматка караганда, көк-таштыктар жолду айылдын чыга беришинен тосуп турушат. Азыр жол кыргыз тараптан да, тажиктер тараптан да тосулуп турат.

- - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - -

Бүгүн АКИpress агенттигинде Көк-Таштын тургундары келип, тажиктер аларды Баткендин Көк-Таш айылындагы Дахма аймагынан сүрүп чыгарууга аракет кылып жаткандыгын билдиришкен болчу.

Тургундардын бири Шермат Айдаровдун айтымында, Көк-Таштын түштүк-батыш аягында жайгашкан Дахма тилкесинде кыргыздар жашаган 7 үй бар.

«3 күн мурун айылда кыргыздардын сарайын өрттөп салышты. Аялдар, балдар жана карылар 3 күндөн бери мектепте баш калкалап жатат», - деди ал.

Айылдын дагы бир тургуну Жоробай Байзаковдун айтымында, аталган 7 үй стратегиялык үйлөр болуп саналат.

«Эгер алар бизди ал жактан сүрүп чыгарса анда тажиктер Баткен—Көк-Таш—Ак-Сай—Тамдык унаа жолуна түз чыгууга мүмкүнчүлүк алышат. Алар ага катар эле Төрт-Гүл суу сактагычынын каналына жана суу топтолуучу «Головной» деген жерди ээлегенге мүмкүнчүлүк алышат», - деди ал.

Көк-таштыктар буга катар эле Дахманы көздөй тажиктер жашаган Майский деп аталган тараптан тынбай ок атылып жаткандыгын кошумчалашты.

«Дахманын түндүк жагындагы 4 үйдөн да ок атылып жатат. Ал жакта дагы тажиктер жашашат», - деди Жоробай Байзаков.

«Алардын бизди Дахмадан сүрүп чыгаруу аракеттерин Тажикстандын борбордук бийлиги колдоп жатат. Биздин борбордук бийлик аракет кылбай жатат», - деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×