Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баткен облусуЛейлек району 11.01.2020 10:22

15-январга чейин тоолуу аймактарда жамгыр, кар жаашы мүмкүн

Turmush -  Бүгүн, 11-январда Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

12-январда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

13-январда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы мүмкүн.

14-15-январларда туруксуз аба-ырайы сакталып турат. 14-январда көпчүлүк аймактарда, 15-январда кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×