Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баткен облусу, Баткен 10.01.2020 14:54

Баткенде аялдар жана балдар ысык тамак менен камсыздалды. Сүрөт

Turmush -  Кызыл жарым ай коому Баткен облусунун жашоочуларына жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган коомдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-январда саат 08:00 чамасында Кызыл жарым ай коомунун Баткендеги филиалынын директору ӨКМдин жергиликтүү кызматы Көк-Таш айылынан 230 адамды (130 бала жана 100 аял) ошол эле айылдагы мектепке эвакуациялаганын маалымдаган.

«Мындан тышкары, жергиликтүү администрация жана ӨКМ бизге 300 адамга күндүз жана түнкүсүн ысык тамак жеткирүү өтүнүчү менен кайрылган. Учурда Кызыл жарым ай коомунун командасы 300 адамды тамак-аш, ысык нан менен камсыздап, балдарга гигиеналык топтомдорду беришкен. Ошондой эле аялдар менен балдарга психосоциалдык колдоо көрсөтүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейинң кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары түнү менен коопсуз жайга көчүрүлгөнү маалымдалган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×