Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баткен облусу, Баткен 10.01.2020 10:10

Баткен облустук бириккен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имараты жакында ачылат

Turmush -  Баткен облустук бириккен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имараты жакында ачылат. Бул тууралу оорукананын директорунун орун басары Файзидин Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, имарат 1975-жылы курулган. Бул мекеменин имараты 45 орундуу. Мекеме ушул күнгө чейин бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Чатырлары эскирип, жылытуу системасы жана суу көйгөйлөрү болуп келген. Ага жакында түркиялык уюмдан каражат бөлүнүп, имараттын чатырлары толугу менен алмаштырылды. Мекеменин ичи жана сырты толугу менен оңдолуп, ар бир бөлмөдө таза суу чыгарылды. Оңдоо иштерине жалпы 76 миң доллар сарпталган. Жакынкы күндөрү имараттын ачылышы өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×