Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баткен облусу, Баткен 08.01.2020 17:42

Баткен облусунун жетекчилигинин имараты 15 млн сомго оңдолуп бүттү

Turmush -  Баткен облусунун жетекчилигинин имараты оңдолуп бүттү. Бул тууралуу жетекчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпысынан 15 млн сом акча сарпталган оңдоо иштери 3 ай мурда башталган. Мындан 40 жыл мурда пайдаланууга берилген бул имарат буга чейин бир да жолу оңдолгон эмес. Учурда анын эшик-терезелери, чатыры толугу менен алмашылып, сырты, жылуулук жана канализация системалары оңдолду. Ошондой эле жаңы эмеректер менен техникалык жабдуулар жаңыланды. Имараттын айланасында мындан 40 жыл мурда отургузулган ийне жалбырактуу дарактардын ордуна аймактын климаттык өзгөчөлүгүнө ыңгайлуу, тянь-шань карагайлары отургузулуп жатат. Учурда имараттын айланасын жашылдандыруу жумуштары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×