Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баткен облусуКадамжай району 08.01.2020 09:40

8-январдан 14-январга чейин мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн

Turmush -  Бүгүн, 8-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

9-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 9-январда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

10-январда Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт, бирок кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

11-12-январда айрым тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

13-14-январда аба ырайы туруксуз болот. Мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×