Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Баткен облусу, Баткен 07.01.2020 14:25

Баткен шаарында бир карганын айынан элге көйгөй жаралды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 7-январда Баткен шаарындагы аскер кызматкерлери жашаган батирлерде электр жарыгы өчүп калды. Бул тууралуу тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, бул батирлерде жылуулук негизинен электр менен камсыздалат. Электр энергиясы өчсө ичүүчү таза суу да чыкпай калат. Батирлерди жылытуу үчүн башка эч кандай альтернативдер жок. Электр тогу буга чейин да бир нече жолу эскертүүсүз өчкөн учурлар болгон. Анын кесепетинен тиричилик буюмдары күйүп кеткен учурлар да болгон. Электрдин өчүшү жашоочуларга ыңгайсыздыктарды жаратып жатат.

«Баткен» электр тармактар ишканасынын жетекчиси Болот Тулаевдин айтымында, электр тогу пландык негизде же аварияга байланыштуу өчүрүлгөн учурлар болот. Бүгүн эртең менен авариялык учур катталгандыгына байланыштуу аскер кызматкерлери жашаган батирлерде электр энергиясы өчүрүлгөн. Учурда электр тогу оңдолуп, жарык берилди.

«Бүгүн Баткен шаарында электр энергиясы авариялык жагдай болгондугунан улам өчүрүлгөн. Азыр анын себебин таптык. Бир чымчык электр чубалгысында өлүп калып, ошого байланыштуу аскер үйүндө электр жарыгы өчүп калыптыр», - деди ал.

Учурда аталган аскер үйүндө 115 батир бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×