Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 07.01.2020 13:43

«Мекендештер»: Москвада эмгектенген С.Жамалов келинчегинин тишине курт түшүрбөгөнгө аракет кылат

Сыймык Жамалов
Сыймык Жамалов
// Турмуш

Turmush -  Сыймык Жамалов 4 айдан бери Россиянын Москва шаарында тиш дарыгери болуп эмгектенүүдө.

Ал 1993-жылы 10-июнда Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн.

«Чет өлкөгө биринчи жолу чыктым. Баткендеги Т.Айбашев атындагы орто мектебин аяктап, Бишкек шаарындагы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин медицина факультетинен билим алгам. Кыргызстанда айлык аз болгондуктан Москвага келгем. Бул жерде иш бөлмөмдү ижарага алып иштеп жатам. Күнүгө 1-5 бейтап көрөм. Өз кесибимди абдан сүйөм», - деди ал.

Мекендешибиз жумуш убактысындагы эсте калган кызыктуу окуясын да айтып берди.

«Бир окуя эсимден кетпейт. Бир жолу салмагы оор, чоӊ киши келип, отургучка отуруп, оозун ачпай койду. "Эмне болду?" десем, "ийнеден аябай корком, акырын сай" деди. Анын кебетесинен ийне өзү коркчудай. Кулакка да бир кызыктай угулат экен. Аны алдап, алаксытып жатып ийне сайып, тишин жулгам», - деди ал.

Тиш дарыгери үй-бүлөлүү.

«Келинчегим менен интернет булактары аркылуу таанышканбыз. 2017-жылы майда сүйлөшүп баштап, октябрь айында баш кошконбуз. Аялымдын тишин 6 айда бир карап турам. Тиштери таза. Ушул убакка чейин бир да тишине курт түшө элек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×