Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Баткен облусу, Сүлүктү 03.01.2020 17:30

Сүлүктүдө турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылды

Turmush -  Жаңы жылга карата Сүлүктү шаарында турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар үчүн «Жаңы муун» реабилитациялык борбору ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган борборго шаар аймагындагы турмуштук оор кырдаалдагы 14 үй-бүлөдөн 38 өспүрүм катталып, мындан ары алар мектептен кийинки бош убактысын коопсуз жана пайдалуу жерде өткөрүшөт. Долбоордун акчасы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин каржылоосу аркылуу берилип, шаардык мэрия тарабынан муниципалдык менчиктеги имарат берилди. Долбоордун алкагында реабилитациялык борбордун имараты оңдолуп, зарыл болгон заманбап техникалык каражаттар, усулдук колдонмолор, окуу куралдары, столдор, керебет, муздаткыч жана музыкалык аппаратуралар менен камсыз болду.

Мэриянын демилгеси менен реабилитациялык борбордун дагы бир бөлмөсүндө социалдык дүкөн ачылды. Ал жерге шаар тургундары тарабынан пайдаланылган жана жаңы кийимдер, буюмдар кайрымдуулук иретинде тапшырылып, материалдык колдоого муктаж жарандарга акысыз таркатылат. Борбор ачылган күнү социалдык дүкөнгө аялдар жана өспүрүмдөр үчүн 200дөн ашык кийимдер, бут кийимдер чогулуп, муктаждарга таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×