Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Баткен облусу, Кадамжай 02.01.2020 13:30

8-январга чейин мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 2-январда жана эртең, 3-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

4-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн.

5-январда түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

6-январда күндүз Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши ыктымал.

7-8-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×