Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 31.12.2019 15:20

Президентке кат жазган кызыл-кыялык 4 окуучуга белектер тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 31-декабрда Кызыл-Кыя шаарында президентке кат жазган балдар белектерин алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Президенттин белектерин жана шириндерди Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаев тапшырып, балдарды жана ата-энелерди кирип келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Президенттин белегин кызыл-кыялык жалпы 4 бала алды. Алардын бири — №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектептин 1-классынын окуучусу Шарабидинов Алихан ат оюнчугун сураган.

Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен 8 миӊ сом бөлүнүп, шаар мэри 4 окуучуга кошумча 2 миӊ сомдон тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×