Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Баткен облусуКадамжай району 30.12.2019 20:00 Жаңыланды: 30.12.2019 21:00

Кадамжайда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектер тапшырылды

Turmush -  Кадамжай районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектер тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жаңы жыл майрамына карата Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алды. Аким аларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, майыптык арабалары жана белек-бечкектер тапшырылды.

А.Имаров мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоо-шартын жакшыртуу үчүн керектүү шарттар түзүлөрүн билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×