Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Баткен облусуЛейлек району 30.12.2019 14:17

Лейлекте кызмат учурунда каза болгон чек арачынын үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан үй берилди

Turmush -  Лейлек районунда кызмат учурунда каза болгон чек арачы Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан үй берилди.

Маалым болгондой, үйдүн ачкычын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров тапшырып, Муминовдун баатырдыгы, кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк сакталарын, анын үй-бүлөсүнө ар дайым мамлекет тарабынан колдоолор болорун белгиледи.

Чек арачы Равшан Муминов Лейлек районунун №2021 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн. Ал 2019-жылдын 18-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда өз милдетин аткарып жатып каза болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×