Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баткен облусуЛейлек району 30.12.2019 08:59

Лейлектин Ак-Суу айылындагы мектептин спорт залы ачылды

Turmush -  28-декабрда Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы мектептин жаңыдан курулган спорт залынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, спорт залдын курулушуна мамлекеттен 8,5 млн сом каралган. Мектептин имаратынын жалпы сметалык баасы 56 млн сомду түзгөн. Аталган мектеп 475 орунга ылайыкташып, курулушу 2015-жылы башталган. Мектеп 2019-жылдын сентябрь айында пайдаланууга берилген. Бирок спорт залынын курулушу каражаттын жетишсиздигинен бүтпөй калып, 3 ай мурда республикалык бюджеттен каржылоо уланып, учурда курулушу аяктады. Бүгүнкү күндө кош тилдүү бул мектепте сабактар кыргыз жана өзбек тилинде окутулат. Жалпысынан 860 окуучу 2 мөөнөт менен билим алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×