Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баткен облусу, Сүлүктү 28.12.2019 17:13

Сүлүктүдө прокуратура кызматкерлери социалдык мекемелерди текшерди

Сүлүктү шаардык прокуратурасы
Сүлүктү шаардык прокуратурасы

Turmush -  Кечээ, 27-декабрда Сүлүктү шаардык прокуратурасы жалпы билим берүүчү мектеп-интернатында жана шаардагы улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашаган социалдык стационардык мекемелерде текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык прокуратурасынан билдиришти.

Текшерүү кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилени жана жазалоону колдонууга тыюу салууну камсыз кылуу максатында уюштурулган.

Текшерүү учурунда социалдык стационардык мекемесинде жашаган улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, мектеп-интернатынын окуучуларына жана кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка мыйзамдарга ылайык адамдардын укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, алар ар бир адамга төрөлгөндөн баштап эле таандык экени, ошону менен бирге кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз мамилени же болбосо жазалоонун кадыр-баркты басмырлаган түрлөрүн колдонууга тыюу салынганы айтылды.

Шаар прокурорунун жардамчысы У.Калиев Сүлүктү шаарында жайгашкан социалдык стационардык мекемесинде, мектеп-интернатында, ошондой эле Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмүндө ай сайын текшерүүлөр жүргүзүлөрүн белгилеп, жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында күчөтүлгөн тартипте иш алынып барыларын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×