Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Баткен облусу, Сүлүктү 27.12.2019 13:10

Сүлүктүдөгү оорукананын жылытуу системасы толугу менен алмаштырылды

Turmush -  Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер тобунун имаратындагы жылытуу системасы толугу менен алмаштырылды. Бул тууралуу мекеменин директору Асатбек Ибрагимов билдирди.

Маалыматка караганда, мекемеде 5 бөлүм бар. Кышында бөлмөлөрдүн жылуулугу нормага жетпей, суук болгондуктан кошумча электр мештерин колдонууга муктаж болуп келишкен. Атайын долбоор менен 2 млн сомго жакын долбоор жазылып, кышка карата жылытуу системасы пайдаланууга берилди. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 475 миң сом каралган. Норма боюнча оорукананын бөлмөлөрү 25 градустан жогору болушу керек. Учурда 28 градус жылуу болуп жатат. 70 орундуу бул оорукана жыл сайын жаз айларында көмүр шахталары менен келишим түзүп, жылына 220 тонна көмүр керектелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×