Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Баткен облусуКадамжай району 27.12.2019 12:43

Кадамжайдын Чукур-Кыштак айылында жаңы мектептин курулушу башталды

Turmush -  Кадамжай районунун Чукур-Кыштак айылында жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Баткен облусунун жетекчилигинин маалыматына караганда, имараттын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына чиновниктер жана жергиликтүү тургундар катышты. Аталган мектептин курулушу арабдардын фонду тарабынан каржыланып, 54 млн сом каражат грант катары бөлүнгөн. 275 орунга ылайыкташкан имараттын курулушун 2020-жылдын жаңы окуу жылына карата аяктоо пландалууда.

1965-жылы курулган Чукур-Кыштак орто мектебинин эскилиги жетип, авариялык абалга келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×