Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Баткен облусу, Сүлүктү 27.12.2019 09:15

Сүлүктү шаарында элди таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатат

Turmush -  Сүлүктү шаарынын тургундары тоодон 32 км аралыктан келген сууну пайдаланышат. Бул тууралуу шаардын мэри Рахманберди Абдуназаров билдирди.

Анын айтымында, учурда таза суу түтүктөрү жараксыз абалга келип калган. Алар 1950-жылдары курулуп, бүгүнкү күнгө чейин алмаштырылган эмес. Түтүктөрдүн көп жерлери тешилип, суулар жоготууга учурап келет. Жергиликтүү бийлик АРИС прораммасынын алкагында 220 млн сомдук таза суу долбоорун ишке ашырган. Учурда 4 ишкана иш жүргүзүп, жумуш 90% аяктаган. 3 скважинага насостор коюлуп, темирден 2 суу кампасы орнотулуп, дагы 2 кампа оңдолууда. Таза суу долбоору аткарылса Сүлүктү шаарынын элинин 60%ы таза суу менен камсыздалат. Калган бөлүгүнө суу жеткирүү максатында шаар бийлиги кошумча 1 млн сомдук долбоор сунуштаган. Келишимде көрсөтүлгөн убакытта жумуш аягына чыкпагандыгына байланыштуу дагы 1 ай жумуш уланат. Учурда Кош-Булак айылында жумуш кызуу жүрүп жатат. Аталган аймакта 400гө жакын жаран үйүнө таза суу киргизди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×