Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 26.12.2019 15:08

Кызыл-Кыяда мэрдин «Балаты-2020» иш-чарасы уюштурулду. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 26-декабрда Кызыл-Кыя шаарынын мектептеринин мыкты окуучуларына мэрдин «Балаты-2020» жаӊы жылдык майрамы өткөрүлдү. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаардык мэриясынан билдиришти.

Бул иш-чара шаардын №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектебинде уюштурулуп, окуунун мыктылары үчүн чоӊ театрлаштырылган оюн-зоок программа тартууланды. Катышуучуларды шаардын мэри Эрмекбай Топчубаев куттуктап, майрамдык белектерди тапшырды.

Шаардагы Улуу Ата Мекендик согуштун, оруктун, эмгектин ардагерлери, аксакалдар да четте калган жок. Шаардын мэри алар үчүн ардагерлер кеӊсесинде жыйын өткөрүп, жакшы каалоо-тилегин айтып, аларга да жаӊы жылдык белектерин тапшырды.

Окуунун мыктыларына, ардагерлерге жаӊы жылдык белек алып берүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 65 миӊ сом акча каражаты сарпталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×