Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баткен облусуКадамжай району 26.12.2019 14:03

Видео — Алдамчылык менен алектенген УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кадамжай районунда өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдамчылык менен алектенген адам кармалды. Бул тууралуу Кадамжай РИИБ билдирди.

Ушул жылдын 4-декабрында Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн 27 жаштагы тургуну милицияга «Руслан Төлөнов» аттуу адам 15-июлдан 12-октябрга чейин андан алдамчылык жол менен 180 миң сом акча алып, бирок ар кандай шылтоолорду айтып, изин жашырып кеткенин билдирген.

Ошондой эле 12-декабрь күнү Кадамжай шаарынын 54 жаштагы тургуну ушул жылдын 6-сентябрында бейтааныш адам өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, 24 миң сомдук унаа тетиктерин алып, «акчасын эртең берем» деп качып кеткенин айтып, милицияга кайрылган.

Шектүүнүн мындан башка дагы кылмыштары аныкталган:

- 1-декабрь күнү Айдаркен шаарынын 43 жаштагы тургуну октябрь айында өзүн УКМКнын кызматкери «Руслан Жээнбеков» деп тааныштырган адам жердин документин бүтүрүп берем деп ишеничине кирип, 10 миң сом акчасын алып, качып кеткенин билдирген.

- Шектүү сентябрь айында Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн 52 жаштагы тургунунун дүкөнүнөн жалпы суммасы 15 миң сомдук ар кандай кийим-кечелерди насыяга алып, бирок акчасын ушул күнгө чейин кайтарып бербей, изин жашырып кеткен.

- Август айынын аяк ченинде Кадамжай шаарынын 51 жаштагы тургунунун азык-түлүк дүкөнүнөн «апам каза болуп калды, куран окутам» деп жалпы суммасы 26 миң 340 сомго соода кылып, бирок акчасын бербей, изин жашырып кеткен.

- Ноябрь айынын башында Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн 51 жаштагы тургунуна өзүн «УКМКнын жетекчисинин орун басарымын, атым Руслан» деп тааныштырып, «апам каза болуп калды, акча керек» деп 30 миң сом акчасын алып, изин жашырып кеткен.

Кадамжай РИИБ тарабынан жогорудагы 6 факт боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин (алдамчылык) 1-бөлүгүнүн негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Андан тышкары шектүүнүн Кызыл-Кыя шаарында 195 миң сомго бааланган «Мерседец-Бенц» автоунаасын, 17 миң сомдук 2 баш кочкорду жана базардан 11 миң сомдук кийим-кечени алдоо жолу менен алып качып кеткендиги аныкталды.

Кадамжай РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, өзүн «Руслан Жээнбеков» деп тааныштырган адамдын жүргөн жери аныкталып, кармалды. Шектүү Чоң-Алай районунун 1985-жылы туулган тургуну А.А.Т. экенин айткан жана жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаганын толугу менен мойнуна алган.

Бирок Кадамжай РИИБ тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жерге-Тал айылынын 37 жаштагы тургуну М.Н.Д. экендиги аныкталып, 2016-жылы Ош ШИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренеси (алдамчылык) менен айыпталып, эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынан качканы үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан издөөдө жүргөнү такталды.

Шектүү учурда Кадамжай райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×