Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 25.12.2019 17:23

Кызыл-Кыяда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына балаты майрамы уюштурулду

Turmush -  Бүгүн, 25-декабрда Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана ата-энесинен ажыраган балдарга жаӊы жылдык майрам өткөрүлдү.

Мэриянын маалыматына караганда, иш-чарада 100 балага майрамдык белектер таркатылып, окуучулар тарабынан даярдалган театрлаштырылган программа тартууланды. Шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга, ата-энесиз балдарга, согуштун ардагерлерине, көп балалуу үй-бүлөргө жаӊы жылдык белек берүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 миӊ сом каражат бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×