Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баткен облусу, Сүлүктү 24.12.2019 16:40

Сүлүктү—Исфана жолуна таштар кулап, адамдарга кооптуулук жаратты. Видео

Turmush -  Бүгүн, 24-декабрда саат 15:00 чамасында Сүлүктү—Исфана жолунун 1-чакырымында таштар кулады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Лейлектин Кулунду айылынын тургуну Кубат Акматовдун айтымында, кулаган таштар анын «Жугили» унаасына тийген. Окуя болгон жерге ӨКМдин, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери келип, унааларды токтотуп, кооптуу тилкедеги коркунуч жараткан таштарды көчүрүштү. Андан кийин таштар тазаланып жол ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×