Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Баткен облусу, Сүлүктү 24.12.2019 14:36

Сүлүктү шаарында акыркы 20 жылда биринчи жолу 260 миң тонна көмүр өндүрүлдү. Видео

Turmush -  Сүлүктү шаарында акыркы 20 жылда биринчи жолу 260 миң тонна көмүр өндүрүлдү. Бул тууралуу шаардын мэри Рахманберди Абдуназаров билдирди.

Анын айтымында, аталган шаарда жалпысынан 32 көмүр шахта иштейт. Быйылкы жылы дагы 7 көмүр шахтасы ачылды. Шахталарда жумуш учурунда кырсыктар катталып жатат. Быйылкы жылы 8 адам көмүр шахталарында каза болду. Бул маселелер боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

Шаардагы көмүр чыгарган шахталардын биринин жетекчиси Бактыбек Абдуназаровдун айтымында, анын кол алдында 60 жумушчу иштейт. Алардын айлык маянасы 15-20 миң сомго чейин болот. Күнүнө 8 саат иштешет. Күнүнө жумуштан кайтканда 1 каптан акысыз көмүр ала кетишет. Техникалык коопсуздук баары сакталган. Жаңы жыл майрамына карата ар бир кызматкерге баасы 600 сомдук белектер берилет. Чыгарылган көмүрлөр Өзбекстанга, Тажикстанга жана Казакстанга экспорттолот. Быйылкы жылы аталган шахтада 7000 тонна көмүр казылып, анын 200 тоннасы аталган 3 мамлекетке сатылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×