Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баткен облусу, Айдаркен 24.12.2019 12:50

Айдаркенде чет өлкөдөн момпосуйларды мыйзамсыз ташып келе жаткан адам кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 23-декабрда Айдаркендеги чек арачылар мыйзамсыз жүк ташып келе жаткан адамды кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын 1987-жылы туулган жараны Д.Ж. Өзбекстандан жүк алып өтүүгө аракет кылган. Ала чек ара пунктунан башка аймактан «Daewoo Labo» унаасы менен 50 коробка момпосуй алып келе жатканда кармалды. Жанында жүккө тиешелүү документтер жок болуп чыкты. Жүктөрдүн баасы 100000 сомду түзөт.

Кармалган адам менен жүк Бажы кызматынын өкүлдөрүнө тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×