Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Баткен облусуКадамжай району 24.12.2019 09:26 На русском

Кадамжайда 20 жырткыч жок кылынды. Видео

Turmush -  Кадамжай районунда бир жумада 5 карышкыр, 15 чөө атылды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Кадамжай району боюнча башчысы Алай Беделов билдирди.

Анын айтымында, соңку жумада Кадамжай районунун тоого жакын айылдарындагы короолордо карышкырлардын кол салуусу кескин түрдө көбөйгөн. Ага байланыштуу ар бир айылда 5 мергенчиден турган топ түзүлүп, карышкырларды жок кылуу максатында ууга чыгышкан. Анын жыйынтыгында А.Орозбеков айыл өкмөтүнөн 2 карышкыр, 4 чөө, Халмион айыл өкмөтүнөн 2 карышкыр, А.Масалиев айыл өкмөтүнөн 1 карышкыр, 11 чөө жок кылынды.

Жырткычтар жалпы 11 майда мал, 3 баш жылкы, 4 баш музоону жеп, зыян келтирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×