Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 23.12.2019 16:33

Кызыл-Кыя шаарында оор жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылды

Turmush -  Бүгүн, 23-декабрда саат 15:40 чамасында Кызыл-Кыя шаарында «ДАФ» үлгүсүндөгү унаа кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, кырсык Ош—Исфана жолунун 78-чакырымында болгон. Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдиргендей, тормоздук системасы иштен чыгып, унаанын дөңгөлөгү күйүп кеткен. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери барып, өрттү өчүрүштү. Айдоочу күйгөн дөңгөлөктү алмаштырып, андан ары жолун улады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×