Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Баткен облусуКадамжай району 24.12.2019 08:20 На русском

Айыл турмушу: Кадамжайлык Н.Сапарбаев майыптыгына карабай устачылыкты аркалап жатат (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын 39 жаштагы тургуну Нурланбек Сапарбаев 1-топтогу майыптыгына карабай устачылык менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, окуучу кезинде топ балдар менен болгон мушташта жаракат алып, 1-топтогу майып болуп калган. Алгач баспай калып, кийин операция жасалып, медицинанын жардамы менен баса баштаган. Ата-бабалары да уста болгондуктан өзү да унааларды, тиричилик буюмдарын оңдоп, темирлерди ширетет.

Учурда Кызыл-Булак айылында түнкү чырактарды орнотуу иштери жүрүп жатат. Электр мамылары анын жардамы менен даярдалууда. Эл камын ойлоп, той-маараке өткөрүүдө керектелүүчү тапчан, кол жуучу жабдык жана башка керектүү буюмдарды жасап, үйүнө коюп койгон. Эгерде кимде той-аш болсо акысыз алып кетет. Ал эми башка айылдагыларга ижарага берет.

«Мен майып болуп калганымда ата-энем келечеги кандай болот деп кыжалат болчу. Бирок кудайга шүгүр, басып калдым. Турмуш курууда дагы жакындарым сага ким турмушка чыгар экен деп ойлонушчу. Бирок кайын энем жакшы адам экен, кудайдын буйругу деп кызын мага берди. Жубайым Кадамжай районунун Ноогардан айылынан болот. Азыр жашообуз жакшы, бала-чакабыз бар. Үй-бүлөмдү эч нерседен кем кылбай багууга аракет кылып келем», - деди ал.

Нурланбек уста айылынын өнүгүшүнө салым кошкусу келет. Сооп иштер менен адамдарга жардам берип, үй-бүлөсүн, жакындарын колдоо башкы максаты. Үйүндө устачылыктан тышкары жеке ишкерлик менен да алектенет. 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×