Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Баткен облусуКадамжай району 20.12.2019 16:10

Айыл турмушу: Кадамжайлык А.Мамасеидов универсал трактор жасап, иштетип жатат (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунун Марказ айылынын тургуну Абдыганы Мамасеидов универсал трактор жасап чыкты. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Анын айтымында, чет элдик автоунаалардын тетиктеринен жасалган бул трактор менен айылдагы бардык чарба иштерин жасаса болот. Ошондуктан айылдаштары бул техниканын атын «Абдыганы универсал» деп атап коюшкан.

«Мен жасаган кичи трактор түрдүү талаа жумуштарын аткарып, ишенимдүүлүгү жагынан ар кандай кичи тракторлор менен атаандаша алат. Биринчиден, бул кичи трактордун салмагы оор, ошого жараша кубаттуулугу да жогору. Ага «Т-28» үлгүсүндөгү трактордун мотору коюлган. Экинчиден, алдыңкы жана арткы дөңгөлөктөрүнүн аралыгы 195 сантиметрди түзүп, эгин эгүүдө жөөктөр менен гана жүрүүгө ынгайлаштырылган. Жөөктүн ээндиги 60 см болуп эгилген бардык эгиндерди аралап иштей алат. Үчүнчүдөн, кичи трактордун дөңгөлөктөрү «Т-40» үлгүсүндөгү трактордуку болгондуктан муну тоолуу аймакта каалагандай иштетүүгө болот. Төртүнчүдөн, кичи трактордун балкасына «ГАЗ-53» унаасынын балкасы коюлду. Кабинасы 4 бурама менен гана бекитилип, аны керек мезгилде алып, кайра ордуна койгонго болот», - деди ал.

Тракторду бак-дарактардын арасына да айдап иштетүүгө болот. Жер айдап, культивация жасаганга жарактуу. Жер тегиздөөчү күрөгү да бар. Грейдер кошуп, айылдардагы жолдорду оңдоп, тегиздөө иштерин да аткарат. Чуңкурларды казып, арыктарды чаап, тазалайт. Устанын техникасы айылдаштарынын да иштерине жардам берип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×