Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баткен облусу, Исфана 18.12.2019 11:31

Баткендин Исфана шаарында коомдук алдын алуу борборунун имараты ачылды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 18-декабрда Лейлек районунун Исфана шаарында коомдук алдын алуу борборунун имараты ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Лейлек РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча инспектору Өмүрбек Камбаровдун айтымында, буга чейин эскилиги жеткен имаратта иштеп келишкен. Жаңы мекеменин курулушу менен жакшы шарттар түзүлдү. Шаарда 2019-жылы өспүрүмдөр тарабынан жасалган 4 кылмыш катталган. Өткөн жылы 12 учур катталган болчу.

Ал эми жаңы имараттын курулушу эл аралык фонддун жардамы менен каржыланды. Анын курулушуна коомдук фонд тарабынан 723148 сом, Исфана шаардык мэриясынан 383730 сом бөлүнгөн.

Бүгүнкү иш-чарада имараттын курулушуна салым кошкон адамдарга сыйлыктар тапшырылды. Мекеменин ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундар, депутат Карамат Орозова жана милиция кызматкерлери катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×