Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 16.12.2019 11:10

Кызыл-Кыя шаарында үй өрттөндү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында үй өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын Жамбыл көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен үйдүн 72 чарчы метр ички жасалгасы жана үй эмеректери күйүп кетти. Өрт электр зымдарынын чыңалуусунан улам чыккан.

Кадамжай районунун Сары-Алтын айылында «Мерседес-Спринтер» үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйүп кетти. Бул кырсыктын себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×