Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Баткен облусуБаткен району 13.12.2019 10:51

Баткендин Боз-Адыр айылында 1,6 млн сомдук кичи футбол аянтчасы ачылды

Turmush -  Кечээ, 12-декабрда Баткен районунун Боз-Адыр айылында кичи футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, 1 млн 634 миң 217 сомдук аянтча АРИС уюмунун жана Суу-Башы айыл өкмөтүнүн көмөгү менен салынды. Анын ачылышына акимчиликтин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чарада футбол аянтчасынын курулушуна кошкон салымдары үчүн бир катар кызматкерлер акимчиликтин ардак грамотасы менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×