Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баткен облусу, Баткен 03.12.2019 18:02

Баткендеги прокурорлор коррупцияга каршы күрөшүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Turmush -  Бүгүн, 3-декабрда Баткен шааарында облустун прокурору Абдибакыт Халмурзаевдин демилгеси менен Баткен облусунун укук коргоо, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кеңешме өттү.

Кеңешмеге облустун укук коргоо органдарынын, мамлекеттик ар кандай мекемелердин жетекчилери, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөт башчылары катышты. Анда коррупцияга каршы күрөшүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жеткиликтүү аткарылбай жаткандыктан Баткен облусунун өкүлчүлүгүнө сунуш берүү чечими кабыл алынды. Кеңешменин жыйынтыгы менен мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине мыйзам талабын кынтыксыз аткаруу менен коррупциялык укук бузууларга чара көрүү жөнүндө маалыматтарды прокуратура органдарына берүү милдеттендирилди.

Баткен облусунда быйылкы жылдын 10 айынын ичинде 200дөн ашык коррупциялык кылмыш катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×