Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Баткен облусу, Баткен 03.12.2019 17:32

Баткен облусунда майып адамдардын саны 5000ге жетет

Баткен шаары
Баткен шаары

Turmush -  Баткен облусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 5000ге жетет. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда облустук жетекчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган адамдардын ичинен 50%ын 18 жашка чейинкилер түзөт. Баткен шаарында майып адамдардын саны 1000ден ашат. Аларга мамлекет тарабынан атайын жөлөк пул берилип, социалдык жактан түрдүү колдоолор көрсөтүлүп турат. Жардамга муктаж балдарды камкордукка алуу максатында шаарда «Нур» балдарды калыптандыруу борбору иштеп келет. Бул борбордо учурда 25 бала тарбияланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×