Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 03.12.2019 17:17

Кызыл-Кыя шаарында майып адамдарга акчалай жардамдар таратылды

Turmush -  Бүгүн, 3-декабрда Кызыл-Кыя шаарында Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү белгиленди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул күндүн алкагында майып адамдарга көңүл буруу боюнча бир айлык иш-чаралар башталды. 1 айлык 15-декабрга чейин уланат. Бүгүнкү иш-чарага жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 миң сом бөлүнгөн. Каражаттар жардамга муктаждарга материалдык жардам таркатылды. Саамалыкка келгендерге концерттик программа жана тасма көрсөтүлүп, азык-түлүк түрүндө дагы жардамдар берилип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×