Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баткен облусу, Баткен 03.12.2019 16:53

Баткен шаарында майып балдарга майрам уюштурулуп, белектер тапшырылды

Turmush -  Бүгүн, 3-декабрда Баткен шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, салтанат А.Жайнаков атындагы театрда өткөрүлүп, анда «Өрүкзар», «Алтын бешик» бала бакчаларынын тарбиялануучулары жана Ж.Бөкөнбаев, А.Имаров атындагы орто мектептердин окуучулары тарабынан ата-энеси менен келген 120 балага концерттик программа тартууланды. Жергиликтүү маданият кызматкерлери да таланттарын көрсөтүштү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга мекеме-ишканалардын жетекчилери, демөөрчүлөр тарабынан белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×