Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Баткен облусуЛейлек району 03.12.2019 15:39 На русском

Лейлекте 3 тоннадан ашык жер-жемишти чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 2-декабрда Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик жүк ташып келе жаткан адамдар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жарандары «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү 3 унаага Тажикстандан 3 тоннадан ашык жүзүм жана курмаларды жүктөп, чек ара постунан башка жерден өтүүгө аракет кылышкан. Алар чек арачылар тарабынан Лейлектин Жаштык аймагынан кармалды. Кармалгандардын жанында жалпы баасы 350 миң сомдон ашкан жүккө тиешелүү документтер жок болуп чыкты. Шектүүлөр Бажы кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×