Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Талас облусуТалас району 03.12.2019 15:08

Айыл турмушу: 15 жаштагы Марсел брама тоокторду багат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Калба айылынын 15 жаштагы тургуну Марсел Туратбек уулу эт багытындагы тоокторду багып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, брама тоокторду 3 жыл мурда алып келген.

«Биз жөнөкөй тоокторду багып жүрдүк. Бирок алар көп болсо дагы эттүүлүгүнө көзүбүз тойчу эмес. Бир айылдашымдан брама тукумундагы эттүү тоокту көрүп кызыгып калгам. 3 жыл мурун ошондой тоокту Талас шаарынан сатып келгем. Булар көлөмдүү болгондуктан «тоок багып жатам» деп айтканга жакшы (күлүп). Чоң жана кооз дагы болушат. Алдыда түстүү өңдөгү түрлөрүнөн дагы алып келейин деп жүрөм. Жумуртканы кышы-жайы дебей берет. Буларды көбөйтүп гана жүрөм. 50 баштан 100 башка чейин багып турам. Кышкысын саны кыскарат. Баалары 300 сомдон өйдө кете берет

Учурда мен багып жаткан тоокторду кара брама деп коюшат. 4 кг эт берет. Булар күндүн суугунда калды деп коркпойм. Себеби борпоң жүндөрү менен суукка чыдамкай болушат. Кышында дагы кыдырып бош жүргөндү жактырышат. Буларды карап багуу кыйын эмес. Бирок анча-мынча шарттарын сактоо керек. Анткени булардын көбөйүүсү башка тооктордон жай болот. Ошол убакта байкап туруу керек. Жемди жакшы жешет, жакшы тоютту талап кылышат. Жөжө жаңы чыкканда минералдык тоюттардан алып келип берем. Бир аз чоңойгондо анчалык деле бапестебейм. Өздөрү жемин талашып жеп калышат. Жөнөкөй тоокторго караганда ары-бери чуркап жүдөтүшпөйт», - деди ал.

Марсел үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×