Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 03.12.2019 12:15 На русском

Арасында аял киши бар: Баткендеги талаада мыкаачылык кылган топ кармалды (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынан бодо малдарды уурдап, талаага алып барып союп, этин сатып жүргөн деп шектелген топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын июнь айынан бери Кадамжай РИИБге жергиликтүү тургундар кайрылып келишкен. Алар бодо малдарын түн ичинде мал сарайынан, үлүш жеринде байланып турган жеринен белгисиз адамдар уурдап кетип жатканын билдиришкен. Бул фактыларды иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип Кызыл-Кыя шаарынын 27 жаштагы тургуну П.К., Ноокат районунун 31 жаштагы тургуну И.Ш. (аял киши), Үч-Коргон айылынын 27 жаштагы тургуну А.Н. Кызыл-Кыя шаарынан колго түштү. Ал эми Үч-Коргон айылынын 27 жаштагы тургуну Н.О. Бишкек шаарынан кармалды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул топ Үч-Коргондон 10 баш бодо малды уурдап, Кызыл-Кыя шаарындагы ээн талаага алып барып, аларды мыкаачылык менен союп, этин эт саткан дүкөндөргө, ашканаларга өткөрүп жүрүшкөндүгү аныкталды. Азыркы күндө кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Сүрөттөр Баткен ОИИБдики

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×