Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 02.12.2019 09:45

Мекендештер: К.Шакирова Москвага барып, 7 жылда өзүнүн бизнесин түптөгөнгө жетишти (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунун Жаңы-Коргон айылында чоңойгон 27 жаштагы Келсинай Шакирова Москвага жөнөкөй мигрант болуп барып, азыркы учурда өзүнүн бизнесин иштеп жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Москва шаарына барганына 7 жылдын жүзү болду.

«Эл катары мигрант болуп келип, ар кандай жумуштарда иштедик. Адам баласынын жашоодо эсинен чыкпаган 2 нерсе болот экен. Биринчиси анын кызыктуу, позитивдүү эмоцияларга ээ болгон учурларды, экинчиси бизге өтө жагымсыз жана негативдүү эмоциялар. Мен келгендеги жылдарды эстесем аябай эле кызыктуу күндөр өтүптүр. Анткени мен иштеп көргөн тармактардын баары өзүнчө бир тарых. Сатуучу, тазалоочу, тейлөөчү жана башка жумуштардын түрүн кылып, Россия мага 7 жылда көп нерсени үйрөтүп, көп нерсеге тарбиялады.

Биринчи барган жылдары ресторанга бирөөнүн россиялык паспорту менен жумушка кирип алгам. Анын атын унутуп калып, Гуля деп чакырса укпай, жаныма келип Гуля десе деле карабай койгон экем. Анан ал жердегилер паспорттун чоо-жайын сураганда ал меники эместигин айтып, бирок ал жерде иштегим келип, директоруна түшүндүрүп иштеп калгам. Кассанын, ашкананын жумуштарын баарын ошол жерден үйрөндүм. Ар бир тармактан тажырыйба алып олтуруп, жеке ишкерликке багыт алдым. 1,5 жылдан бери өзүмдүн тил үйрөтүүчү борборумду жана сулуулук студиясын ачтым. Ата мекендик бизнес долбоор менен иштешип, азыркы учурда Россия жергесинде айымдардын арасынан эң алгачкылардан болуп «Бронзовый партнер» деген сыйлык алып, өтө берилип иштеп жатам.

Мен 7 жыл иштеп ар бир адамда өзгөчө талант, өзгөчө шык болорун, аны өнүктүрүү керектигин түшүндүм. Кыргыздын атын жакшы жактарыбыз менен тарыхка калтырсак болот. Жасап жаткан жумушумда аябай чоң сыноо жана тоскоолдуктар өтө көп болгон. Бирок адамда максат күчтүү болсо ар бир кыйынчылыкты көтөрө билет», - деди ал.

Ишкер бийкеч үй-бүлөдө 6 бир туугандын бешинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×