Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Баткен облусуКадамжай району 29.11.2019 16:57 На русском

Кадамжай райондук сотунун 14,3 млн сомдук имараты пайдаланууга берилди. Сүрөт

Turmush -  Кадамжай райондук сотунун жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Имараттын салтанаттуу ачылышы бүгүн, 29-ноябрда өттү. Ага өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы сот тармагынын, күч органдарынын жана жергиликтүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылар катышты.

Салтанатты ачкан Кадамжай райондук сотунун төрагасы Жаныбек Момбаев имарат 10 айда курулуп бүткөнүн билдирди. Ага республикалык бюджеттен 14,3 млн сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×