Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Баткен облусу, Баткен 29.11.2019 11:38

Баткенде бала асырап алуунун жеңилдетилген жолдору талкууланды

Turmush -  Баткен шаарында бала асырап алуу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Семинар Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан өлкө ичинде бала асырап алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында уюштурулган. Ага Баткен облусундагы социалдык кызматкерлер, айыл өкмөттөрдүн адистери, потенциалдуу бала асырап алуучулар катышты.

Семинардын жүрүшүндө бала асырап алуу боюнча токтом долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр, кыргыз жарандарынын жана чет өлкөлүктөрдүн бала асырап алуусуна жол бере турган ички жана эл аралык документтер талкууланды.

«Токтом долбоорунда баланы асырап алчу ата-энелерге кыйла жеңилдетилген нормалар каралган. Мисалы, буга чейин талапкерлер социалдык өнүгүү башкармалыгына арызы менен бирге 9 документти алып келиши керек болсо, учурда “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун жардамы менен керектүү документтерди чогултуу жеңилдетилди. Социалдык өнүгүү башкармалыгынын адистери талапкерлерден документтерди талап кылбай эле, өздөрү топтой алышат. Мындан сырткары уюлдук телефондор үчүн атайын тиркеме иштелип чыкты. Ал аркылуу ар бир жаран уюлдук телефонунан асырап алууда кандай талаптар жана шарттар бар экенин карап чыкса болот.

Ошондой эле талапкерлер үйдө отуруп эле бала асырап алуу жөнүндө билдирүү калтыра алышат. Мындан сырткары мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүү порталынан асырап алуу үчүн катталган жалпы балдардын саны, алардын жашы, жынысы, улуту жана талапкерлер жөнүндө маалыматтарды чектөөсүз алууга болот», - деди Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Чолумова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×