Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баткен облусуБаткен району 28.11.2019 17:41 На русском

Баткенде 41 жаштагы Анарбай Базарбаев дайынсыз жоголуп, изделип жатат (сүрөт)

Анарбай Базарбаев
Анарбай Базарбаев

Turmush -  Баткен районунун Самаркандек айылынын 41 жаштагы тургуну Анарбай Базарбаев 20-октябрдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу анын кошуна агалары Улан Асанов менен Акбар Маматов билдирди.

Маалыматка караганда, Анарбай Базарбаев 20-октябрь күнү үйүнөн велосипед тээп чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Ал 2-топтогу майып, тагыраагы психикалык жактан жабыркайт. Аны акыркы жолу Лейлек районунун Маргун айылынан көргөндөр болгон.

Анарбай Базарбаевди көргөн-билгендер болсо 0773 00 02 04 номуру аркылуу кабарлап койсо болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×