Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 28.11.2019 15:47

Кадамжайда СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата акция өттү

Turmush -  Бүгүн, 28-ноябрда Кадамжай районунда Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата акция өттү. Бул тууралуу Кадамжай райондук үй-бүлөлүк медицина борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага мэриянын өкүлдөрү, дарыгерлер, окуучулар, жана башка мекемелердин кызматкерлери катышты. Анда дарыгерлер бул оору кандай жолдор менен жуга турганын айтып беришти. Акциянын аягында суроо-жооп аркылуу маалымат берилип, активдүү катышуучуларга белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×