Кадамжайдагы жаштар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратышты
Turmush - Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнө караштуу Тамаша айылынын жаштары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Мырзабек Алмаматов билдирди.
Анын айтымында, чет өлкөдө иштеп жүргөн айыл жаштары жыл сайын кышка карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр, жазында азык-түлүктөрдү таратышып, акчалай жардам көрсөтүп келишет.
«Быйыл аз камсыз болгон 10 үй-бүлөнүн ар бирине 6 каптан 20 капка чейин көмүр түшүрүп беришти. Жалпысынан 126 кап таратылып, ага 35 миң сом сарпталган», - деди М.Алмаматов.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком