Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Баткен облусуКадамжай району 27.11.2019 18:30 На русском

Кайын ата тоого бекиткен: Ашууда катылган 365 кг уулуу затты таап алып, сатмак болгон адамдын окуясы

Turmush -  Айдаркенден ири өлчөмдөгү сымапты жашырып алып келип, мыйзамсыз сатууга аракет кылган ноокаттык адамга карата соттун өкүмү чыкты. Кылмыш иштин материалдары Ош облустук сотунда каралган.

Шектүү ким?

Эрмекбай (аты өзгөртүлдү, М.Э.Т) 1961-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Кыргыз Республикасынын жараны, билими жогорку. Үй-бүлөлүү, мурда соттолгон эмес. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 277-беренеси (сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен айтылган.

Эмне үчүн айып тагылган?

Тергөөнүн маалыматына караганда, Эрмекбай 2018-жылдын ноябрь айында өзүнүн «Лексус RX 330» үлгүсүндөгү унаасын айдап, таанышы Б.И.нин суранычы боюнча Баткендин Айдаркен шаарына барышкан. Ал жактан иштерин бүтүрүп, кайтып келе жатканда Айдаркен ашуусунда токтоп, спирт ичимдигин ичишкен. Шериги Б.И. мас болуп калып, кайын атасы мурда «Айдаркен» сымап комбинатында иштегенин, комбинаттан ири өлчөмдө сымап алып чыгып, Айдаркен ашуусунда жолдун четиндеги сайдын ичиндеги чоң таштын астына таштар менен жашырып койгондугун айткан. Кайын атасы 2015-жылы көз жумган. Ал буга катар эле сымапты алууга кардар чыгып сатып калса, ага да көңүлүнөн чыгарып акча берерин билдирген.

Эрмекбай кийин Айдаркен ашуусуна кайтып келип, чоң таштын астына 8 даана темир идишке катылган сымапты таап алган. Ал сымапты өзүнчө барып тапканын Б.И.ге айткан эмес. Андан соң сымап сатып алууга кардар издей баштаган. 2019-жылдын 18-февралында укук коргоо органдарында иштеген мурдагы таанышына телефон менен байланышып, ага сатыла турган сымап бар экендигин айткан. Таанышы бул маселе телефон аркылуу чечилбей тургандыгын айтып, эртеси көзмө-көз сүйлөшмөк болушат. Бирок ал таанышы бул факт боюнча өзүнүн жетекчилигине кабар берген. Кадамжай районундагы жолугушууда Эрмекбай экөө сымаптын 1 кг 45 доллардан сатууну макулдашкан [сымаптын жалпы салмагы 365 кг болгон. 45 доллардан 16 миң 425 долларга сатылмак]. Таанышы сатып алуучу кардарды эртеси алып келмек болуп кайтып кеткен. Эртеси күнү Эрмекбай Айдаркен ашуусуна барып, сымапты катылып жаткан жеринен алып чыгып, «Лексус RX 330» унаасы менен Кадамжайга алып келген. Ошол учурда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Бул окуянын чоо-жайын бул шилтемеден окуй аласыз.

Соттун өкүмү:

Ош шаардык соту 2019-жылдын 8-августунда аны Жазык кодексинин 277-беренеси (сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен айыптуу деп таап, 3 жылга эркинен ажыратып, 50 миң сом айып салган. «Лексус» унаасы мамлекеттин эсебине конфискацияланган. Бирок Эрмекбай облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылып, шаардык сот иштин материалдарын толук иликтебегенин билдирген. Ал Жазык кодексинин 277-беренесинин санкциясында конфискация каралбаганын, андан сырткары конфискияланган унаа кылмыш жолу менен табылбаганын, унаа анын наамына Ноокат райондук сотунун 2019-жылдын август айындагы чечими менен өткөндүгүн көрсөтүп, унааны кайтарып берүүнү суранган.

Ош облустук соту арызды карап чыгып, Ош шаардык сотунун 2019-жылдын 8-августундагы Эрмекбай жөнүндөгү өкүмүн өзгөртүп, Эрмекбайга «Лексус» унаасын өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Шаардык соттун өкүмүнүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×