Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баткен облусу, Баткен 27.11.2019 11:45 На русском

Баткендеги хан сарайдан 2 кап акча уурдап… Бир тууган ага-инилердин кылмышы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Баткен облусундагы үйгө кирип, ири суммадагы акча уурдаган бир тууган адамдар эркинен ажыратылды. Бул кылмыштын материалдары Баткен облустук сотунда каралды.

Шектүүлөр ким?

Улан (аты өзгөртүлдү, К.У.И) 1988-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. Кыргыз Республикасынын жараны, билими жогорку. Бойдок, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес. Буга чейин Ош шаарында жашап келген.

Майрамбек (аты өзгөртүлдү, К.М.К) 1990-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. Кыргыз Республикасынын жараны. Билими орто, үй-бүлөлүү, 2 баласы бар. Эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес.

Алар эмне кылмыш жасашкан?

Тергөөнүн маалыматына караганда, Улан 2017-жылдын 5-сентябрында өзүнүн бир тууган иниси Майрамбек менен сүйлөшүп, Баткен районунун Боз-Адыр айылына барып, ошол эле айылдын тургуну К.Н.нын үйүнөн акча уурдамак болот. Экөө жолго чыгып, Боз-Адыр айылына ошол эле түнү болжол менен саат 01:00 чамасында жетишкен. Алар үйдүн арт жактагы дарбазасынан кирип, Майрамбек үйдү кайтарган итке нан берип алаксыткан. Улан 2 кабаттуу үйгө кирип, бөлмөлөрдүн биринен сандыктын ичинде турган өзбек сумун тапкан. Андан кийин сыртта итти алаксытып турган Майрамбекке телефон аркылуу «доллар, сом, рубль жок экен, сум бар экен» деген мазмундагы кат жазган. Бирок алар акчаларды албастан үйдөн чыгып кетишкен. Жолдо бара жатканда Улан кайра үйгө кайтып барууну чечет. Бир туугандар үйгө кайрылып барып, 2 капка 40 млн сумду (4200 доллар) салып уурдап кетишкен. Алар акчаны Ош шаарына алып барып, сумдарды таңгактап иреттеп чыгышкан. Андан кийин Кара-Суу районундагы базарга алып барып, базарда акча алмаштыруучу жайдан 235 миң сомго алмаштырышкан. Алмаштырылган акчаларды өздөрүнүн керегине пайдаланып жок кылышкан. Кыргызстандын Улуттук банкынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан берилген маалыматка ылайык, жабырлануучу Н.К.га 243 902 сом материалдык зыян келтирилген.

ограбление в селе Боз-Адыр

Дагы каракчылык кылышкан

Бирок бир туугандар муну менен гана чектелип калышкан эмес. Алар дагы ушундай кылмыш жасоо үчүн 2017-жылдын 21-ноябрынан 22-ноябрга караган түнү кайрадан Ош шаарынан Баткендин Боз-Адыр айылына «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү унаа менен барышкан. Атайын даярдык көрүп, кара түстөгү бет каптарды, көзгө чача турган газ баллондорду, 1,5 метр жип, камыттарды, көз айнек, кычкач, бурама жана оюнчук тапанча алышкан. Алар түнкү саат 01:30 чамасында унаасын Боз-Адыр айылынын четине токтотуп коюп, элеттин тургуну Н.К.нын үйүнө барышкан. Алар үйдүн артындагы дарбазадан ашып, Н.К.нын бир кабаттуу үйүнө кирип, жанып турган электр шамын өчүрүп, үй кожойкеси Н.К. менен жолдошу А.И. уктап жатышкан бөлмөгө барышкан. Андан соң жубайлардын көзүнө газ баллон менен атайын зат чачышып, басып жаткан учурда алар катуу каршылык көрсөткөн. Кылмышкерлер үйдөн качып чыгышкан. Улан качып бара жатканда үй ээси А.И. аны кармап калып, Майрамбек болсо окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Бирок кошуналар жардамга келип, көп өтпөй Майрамбек дагы кармалып, милицияга жеткирилген.

Бул окуянын чоо-жайы бул шилтемеден окуй аласыз.

Соттун өкүмү:

Сот иштин материалдарын карап чыгып, бир туугандарды Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен айыптуу деп тапты. Алар 7 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×