Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баткен облусуБаткен району 26.11.2019 17:24

Баткен облусунда 5000 гектардан ашык жерге күздүк дан эгиндер себилди

Эгин айдоо
Эгин айдоо

Turmush -  Баткен облусунда 5009 гектар жерге күздүк дан эгиндери себилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда облустук жетекчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, анын 4773 гектарына буудай, 236 гектарына арпа себилди.

Район-шаарлар боюнча:

- Баткен району боюнча 305 гектарга пландаштырылып, 360 гектарга себилди;

- Кадамжай району боюнча 1500 гектарга пландаштырылып, 1500 гектарга себилди;

- Лейлек району боюнча 3000 гектарга пландашытырылып, 3039 гектарга себилди;

- Баткен шаары боюнча 50 гектарга пландаштырылып, 50 гектарга себилди;

- Кызыл-Кыя шаары боюнча 58 гектарга пландаштырылып, 58 гектарга себилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×