Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 26.11.2019 15:15

Кызыл-Кыяда жардамга муктаж адамдарга 420 миң сом акча таратылды

Turmush -  Бүгүн, 26-ноябрда Кызыл-Кыя шаарында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында шаардын тургундарына акчалай жардам берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара жалгыз бой, жардамга муктаж, жакыр жашаган жана майып адамдарга жардам көрсөтүү максатында уюштурулду. Жардам алгандардын тизмеси үй жана квартал комитеттеринин сунуштоолорунун негизинде шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан түзүлгөн. Жакыр үй-бүлөлөргө кышка даярдык көрүп, көмүр сатып алуу үчүн 2000 сомдон, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Ш.Камаловго 6000 сом тапшырылды. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 420 миң сом каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×